# 9-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди даярдоонун жана арыздарды кароонун тартиби

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230015830)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.10.2024 [Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230015830); 13.08.2021 [Закон КР от 13 августа 2021 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/112281)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=11727..18562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 9-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-9

---

1. Жеке турак жай курулуш үчүн жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууну кошпогондо, жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу жөнүндө райондун мамлекеттик администрациясына арыз беришет.

Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жер участогун жердин бир категориясынан башкасына же бир чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт. Арызга арыз ээсинин - жеке адамдын инсандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, же болбосо юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин, курулуштун башкы планынын же шаар куруу документтеринин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздемеси тиркелет. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда жер участокторунун ээлери жерди которуп берүү жөнүндө райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын туруктуу иштөөчү комиссиясына арыз беришет.

11. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу үчүн жерлерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда жеке же юридикалык жактар республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же болбосо райондук мамлекеттик администрациянын тиешелүү комиссиясына арыз беришет.

Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалыматтар, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт. Арызга арыз ээсинин - жеке жактын инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсү, же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна карата укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү, курулуш планынын эскиздик долбоору тиркелет.

2. Райондун мамлекеттик администрациясынын суроо-талабы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогуна материалдарды топтойт жана жерге жайгаштыруу көктөмөсүн он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосуна жиберет.

3. Райондун мамлекеттик администрациясы которулуучу жер участогу жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектура жана курулуш (жерлерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (токой фондунун жерлерин же токой фондунун жерлерине, өзгөчө коргоодогу жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбасын, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекция өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия (мындан ары - райондук комиссия) түзөт. Райондук комиссияны райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектейт.

Райондук комиссия он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына жер участогун которуунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет.

4. Жер участогун которуу маселеси боюнча терс корутунду болгон учурда райондун мамлекеттик администрациясы арыз ээсине баш тартуу жөнүндө негизделген билдирүүнү комиссиянын корутундусу менен жиберет.

5. Жерди курулуш үчүн которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде райондук комиссия корутундуга участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерин жана техникалык-экономикалык негиздемени тиркейт.

6. Райондук комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жерлерди которууга төмөнкү документтерден турган жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:

1) арыз;

2) участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме;

3) айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда болуучу жоготуулардын эсеби;

4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлердин экспликациясы;

5) чектерин жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;

6) райондук комиссиянын корутундусу;

7) калктуу конуштардын аймактарына кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө - өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын көчүрмөсү;

8) түшүндүрмө кат.

Жер участогун которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары он жумушчу күндүн ичинде өзүнүн чечимин чыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосуна келип түшөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жерди которуу боюнча материалдарды он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде жерлерди которуу жөнүндө же которууга макулдугу тууралуу чечим чыгарат. Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди атайын ыйгарым укуктуу органга жиберет;

2) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет.

7. Жер участокторун которуу же которууга макулдук жөнүндө чечим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жердин категориясын жана (же) чарба жеринин түрүн өзгөртүү үчүн негизди;

2) жер участогунун жайгашкан жерин, аянтын жана кадастрдык маалыматы;

3) которуу жүзөгө ашырылуучу жерлердин категориясын жана түрүн, жана которуу жүзөгө ашырылуучу чарба жерлеринин категориясын жана түрүн.

Жер участогун которуу жөнүндө же болбосо жер участогун которуудан баш тартуу тууралуу чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун которууга чектөөлөр коюлган же болбосо мындай которууга тыюу салынган учурларда жер участокторун которууга жол берилбейт.

9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча жүргүзүлүүчү жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын арыздары боюнча - жеке каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2021-жылдын 13 августундагы № 100 , 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-10)
