# 7-берене. Жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциясы

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=1267992..1267993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 7-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-7

---

Райондун мамлекеттик администрациясы жер участогу жайгашкан өз алдынча башкаруу органдарынын, республикалык же областтык маанидеги мэриялардын макулдугу менен:

1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө же баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;

11) айыл чарба багытындагы жерлердин категориясындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин түрлөрүн ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба жерлерин жана жеке турак жайларды курууга жерлерге которуудан тышкары, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которот;

2) калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

21) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которот;

3) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запас жерлерди, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.

(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-8)
