# 6-берене. Жерлерди которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 19.03.2016 [Закон КР от 19 марта 2016 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/111300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=1267992..1267993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 6-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) айыл чарба жерлерин (айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, кысыр аңыз, маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чабындылар, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар) жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин башка категориясына которот;

2) токой фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

3) суу фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

41) айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын кошпогондо, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которот;

5) айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитет;

6) ушул берененин 1-4-пункттарында каралган жерлерди которуунун тартибин аныктайт.

(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-7)
