# 4-берене. Жоготуунун жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2021 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/112281)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=1267993..1267994>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 4-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-4

---

1. Айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарбалык жана токой чарбалык өндүрүшкө байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жеринин түрлөрүнө которууда, ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жоготуунун жана алынбай калган пайданын наркынын суммасы жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт.

Алардын ордун толтуруу максатында айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Жеке менчикте турган чарба жерлеринин түрлөрүн айыл чарбалык эмес багыттагы башка категорияга которууда менчик ээси жоготуулардын ордун ушул Мыйзамдын 5-беренесинин талаптарын эске алуу менен төлөп берет.

(КР 2021-жылдын 13 августундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3. Айыл чарба Жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар - жергиликтүү бюджетке түшөт.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануу тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-5)
