# 3-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу (трансформациялоо)

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904); 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=1267997..11727>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 3-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-3

---

1. Жерлерди категорияларга киргизүү алардын негизги максаттык багытына ылайык жүргүзүлөт.

Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик иш-милдет болуп саналат, алардын негизги максаттык багыты өзгөртүлгөн учурда жүзөгө ашырылат. Жерлердин категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкүлөрдө көрсөтүлөт:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участокторун берүү жөнүндө актыларында;

2) жер участоктору предмети болуп саналган келишимдерде;

3) жерди эсепке алуу документтеринде;

4) жер участогуна укукту ырастоочу документтерде.

2. Жерлерди которуунун (трансформациялоонун) белгиленген тартибин бузуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актыларын жараксыз деп таанууга негиз болот.

Электр байланышынын операторлоруна жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн, ошондой эле жерлери Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда трансформацияланууга жатпаган мамлекеттик корукчаларды (комплекстүүлөрдү тышкары), экологиялык коридорлорду, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына стационардык байкоо жүргүзүү пункттарын түзүү үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган чектердеги жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу эмес багыты боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

3. Жер участокторун "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик жаратылыш коруктарын, мамлекеттик биосфералык коруктарды, мамлекеттик жаратылыш парктарын, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды, ботаникалык бактарды, мамлекеттик комплекстүү корукчаларды, мамлекеттик жаратылыш эстеликтерин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, геопарктарды, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, микрокоруктарды түзүүдө, мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүдө, алардын аймагында чарбалык ишти жүргүзүүнү токтотуу же болбосо чектөө түрүндө пайдалануунун өзгөчө укуктук режими киргизилүүчү биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зонасын аныктоодо жүргүзүлөт.

4. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн суу-чарба курулмаларын курууга берилген өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жер участоктору жердин башка категориясына которулбастан (трансформацияланбастан) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берилет.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95

Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-4)
