# 20-берене. Жеке менчикте турган жерлерди которуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230015830)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.10.2024 [Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230015830); 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904); 13.08.2021 [Закон КР от 13 августа 2021 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/112281); 02.08.2018 [Закон КР от 2 августа 2018 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111825)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=11727..18562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 20-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-20

---

1. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктунда белгиленген жер участокторун кошпогондо, жеке менчикте турган жер участоктору шаар куруу документтеринин, шаардын жана айылдын калктуу конуштарынын аймактарын куруу жана жерин пайдалануу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте жерлер алынгандан кийин жеке турак жай курулушуна которулат.".

2. Жеке менчикте турган жерлерди "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" (мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктарды, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, микрокоруктардын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын жерлери) категориясына которуу Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жерлерди алып койгондон кийин жүзөгө ашырылат.

(КР 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2021-жылдын 13 августундагы № 100, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95, 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-21)
