# 19-берене. Жер участокторун белгилүү бир категорияга кошуу

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 19-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-19

---

1. Жер участокторун Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген жерлердин бир категориясына кошуу милдеттүү болуп саналат.

2. Жер участокторунун мамлекеттик жер кадастрынын документтеринде көрсөтүлгөн жерлердин белгилүү бир категориясына таандыктыгы жөнүндө маалыматтар менен жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар болгондо, эгерде мындай документтер ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алынган болсо, жер участокторун белгилүү бир категориядагы жерлерге кошуу жер участокторуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, жер участокторунун укук ээлеринин арыздары боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын документтеринде, жер участогуна укук белгилөөчү документтерде же жерге укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлбөгөн учурда, жер участогун пайдалануунун максатына жараша, жер участогун жерлердин белгилүү бир категориядагы жерлерине кошуу тууралуу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-20)
