# 15-берене. Суу фондунун жерлерин которуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 15-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-15

---

1. Суу фондунун жерлерин которууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын түзүүгө байланыштуу;

2) бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;

3) бул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары болбогондо, мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштырууда;

4) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо, пайдалуу кен байлыктарды казып алууга байланыштуу;

5) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо, суу объекттеринин иштешин токтогонуна, нугунун, чек арасынын өзгөрүүсүнө жана суу объекттеринин жайгашкан жерин башка өзгөрүүлөрүнө байланыштуу.

2. Башка категориядагы жер участокторун суу фондунун жер участокторуна которууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) эгерде жер участокторун суу объекттери ээлеп турса;

2) суу сактагычтарды жана башка жасалма суу объекттерин, ошондой эле суу объекттеринде жайгашкан гидротехникалык жана башка курулмаларды курууда;

3) суулардын нугу өзгөрүлгөндө жана суу объекттеринин жайгашкан жеринин башка өзгөртүүлөрүндө.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-16)
