# 14-берене. Токой фондунун жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 14-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-14

---

Токой фондунун жерлерин которууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу;

2) өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын түзүү максатында - жерлерди жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык жана башка өзгөчө баалуу багыттагы жерлерге киргизүү менен, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо;

3) эгерде алардын максаттуу багытын өзгөртүү токой курулуш документтери же аймактык пландоо документтери жана аймактарды саламаттык сактоо объекттерин, маданий-тиричиликтик, турак жай-коммуналдык, социалдык багыттагы объекттерди куруу жана пайдалануу үчүн пландоо боюнча документтер менен каралганда;

4) бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;

5) бул объекттерди жайгаштыруунун башка мүмкүн болгон варианттары болбогондо, мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштырууда;

6) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору жана мамлекеттик органдардын экспертизаларынын корутундусу болгондо, пайдалуу кен байлыктарды казып алууга байланыштуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-15)
