14-берене. Токой фондунун жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Токой фондунун жерлерин которууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу;
2) өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын түзүү максатында - жерлерди жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык жана башка өзгөчө баалуу багыттагы жерлерге киргизүү менен, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо;
3) эгерде алардын максаттуу багытын өзгөртүү токой курулуш документтери же аймактык пландоо документтери жана аймактарды саламаттык сактоо объекттерин, маданий-тиричиликтик, турак жай-коммуналдык, социалдык багыттагы объекттерди куруу жана пайдалануу үчүн пландоо боюнча документтер менен каралганда;
4) бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө;
5) бул объекттерди жайгаштыруунун башка мүмкүн болгон варианттары болбогондо, мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштырууда;
6) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору жана мамлекеттик органдардын экспертизаларынын корутундусу болгондо, пайдалуу кен байлыктарды казып алууга байланыштуу.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан Тоскоол-Ата токой…Постановление · 05.12.2023 · № 654
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагында жайгашкан…Постановление · 26.01.2024 · № 33
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203953/st-14" title="14-берене - Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>