# 12-берене. Айыл чарба багытындагы жер участокторун которуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230015830)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.10.2024 [Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230015830); 13.08.2021 [Закон КР от 13 августа 2021 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/112281); 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 02.08.2018 [Закон КР от 2 августа 2018 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111825)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=11727..18562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 12-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-12

---

1. Айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга төмөнкүлөр менен байланышкан учурларда жол берилет:

1) жерлерди консервациялоо менен;

2) жерлерди экологиялык, илимий, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий, рекреациялык багыттагы жерлерге киргизүүгө байланыштуу өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын түзүү менен;

3) шаар куруу документтеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын негизинде калктуу конуштардын аймактарын түзүү жана кеңейтүү менен;

4) жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо аскердик, өнөр жай объекттерин жайгаштыруу менен;

5) айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн жараксыз жерлерди токой фондунун, суу фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин курамына киргизүү менен;

6) жолдорду, электр өткөрүү чубалгыларын, байланыш линияларын, мунай өткөргүчтөрдү, газ өткөргүчтөрдү жана башка өткөрмө түтүктөрдү, темир жол линияларын куруу менен;

7) тиешелүү объекттерди жайгаштыруунун башка жолдору болбогондо Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткаруу менен, өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу менен;

8) жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгондо пайдалуу кендерди алуу менен;

9) бул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары болбогондо, социалдык, коммуналдык-тиричилик багыттагы объекттерди, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, саламаттык сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштыруу менен;

10) инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын реестрине киргизилген инвестициялык лотту түзүү менен.

2. Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалууга которуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) сугат айдоо жерлерин кайракка которуу үчүн - жерлердин агромелиорациялык, кыртыштык мүнөздөмөлөрүнүн алардын иш жүзүндө пайдаланылышына ылайык келбегендиги, сугаруу булагы менен байланышын жоготушу;

2) көп жылдык бак-дарактарды сугат айдоо жерине которуу үчүн - бак-дарактардын картайышы, алардын сейректиги, бак-дарактардын тукумдук жана ылгамдык курамынын канааттанаарлык эместиги;

3) чабындыларды жана жайыттарды башка түрлөргө которуу үчүн - жердин чөлгө айланышы, шалбаа өсүмдүктөрүнүн бузулушу, сейректениши.

Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалууга которуу үчүн айыл чарба жерлеринин сапаттык абалына таасир көрсөтүүчү айыл чарба жерлеринин эң төмөнкү азыктуулугу, кыртыштын туздуулугунун деңгээли боюнча абалы, шордуулугу, бузулгандыгы, эрозиялуулугу, майда таштардын болушу, механикалык курамы да эске алынат. Баалуулугунун теңдештигин эске алуу менен айыл чарба жерлери азыктуулугу боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:

1) сугат айдоосу көп жылдык бак-дарактардын баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;

2) кайрак айдоосу кысыр аңыздын баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче;

3) жайыт чабындынын баалуулугу теңдеш айыл чарба жери болуп саналат жана тескерисинче.

Айыл чарба жерлерин чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуу атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын алкактарында жер участогу, участоктордун тобу, сугат массиви боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Сугат айдоо жерлерин башка категорияга которуу жерлердин башка категорияларынан же чарба жерлеринин түрлөрүнөн сугат айдоо жерине барабар аянтты өзүнүн, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен өздөштүргөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер-участокторун которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 , 2021-жылдын 13 августундагы № 100 , 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-13)
