# 11-берене. Жер алып коюлган учурда, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участокторун сатып алуу жолу менен жерлерди которуу

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=1267988..1267989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 11-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-11

---

1. Жер алып коюлганына, анын ичинде жеке турак жай куруу, мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алуу жолу менен жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү зарыл болгон учурда, бул жер участогун жерлердин бир категориясынын курамынан башкасына которуу ал алып коюлгандан, сатып алынгандан кийин жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алып коюлган, анын ичинде сатып алуу жолу менен алынган жер участогун кызыкдар жеке же юридикалык жакка бергенге чейин аны белгилүү бир категориядагы жердин курамынан бул жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуучу категорияга которууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Жеке менчикте турган жер участоктору участокко куруунун башкы планына же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерине туш келип калган учурда, жеке турак жай куруу, мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участокторун белгиленген тартипте алып коюу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди которууга чейин жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-12)
