# 10-берене. Жерлерди которууга байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 10-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-10

---

1. Жерди которуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органына жиберилет.

Жергиликтүү каттоо органы он жумушчу күндүн ичинде жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет. Которулган жер участогуна укукту ырастоочу документ берилген учурдан тартып жерлерди которуу болду деп эсептелет.

2. Жерди которууда чечим кабыл алынган жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди кайра жол-жоболоштуруу талап кылынбайт. Жер участогуна укукту ырастоочу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук ээсинин арызы боюнча жер участогуна укукту ырастоочу жаңы документ берилет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-11)
