# 1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр

- Документ: [Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203953)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.04.2022 [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359); 13.08.2021 [Закон КР от 13 августа 2021 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/112281); 19.03.2016 [Закон КР от 19 марта 2016 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"](https://aqlex.ai/kg/doc/111300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953#diff=1267995..1267996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4882/edition/1267987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203953/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, 1-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-1

---

Чарба жерлеринин түрлөрү - конкреттүү максаттар үчүн системалуу пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган (айдоо аянты, кысыр аңыз, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, чабындылар, жайыттар, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана башкалар) жерлер. Айыл чарба жана (же) токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой чарба жерлерин берүүдө же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жерлеринин түрлөрүнө которууда төлөнүүчү сумма. Кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбаган жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу. Арыз ээси - жер участокторун которуу жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар. Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн арналган жерлер. Жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген, өткөрүп берилген же мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөн жеке же юридикалык жак. Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылуучу айыл чарба жерлери. Жерлердин категориясы - бир эле максаттык багытта пайдаланылуучу жана пайдаланууга арналган чарба жерлеринин түрлөрүнүн жыйындысы. Жайыттар - жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган, чөп баскан, мал жаюу үчүн жайыт катары жана башка максаттарда пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин түрү. Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - тамырларды жок кылуу жана кийин чөп чабындыга айлантуу жолу менен пайда болгон чөптүү өсүмдүктөр баскан айыл чарба жери. Айдоо жерлери - көп жылдык өсүмдүктөрдү эгүүнү жана таза буулантууну кошо алганда, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилген жана пайдаланылган айыл чарба жери. Жерлерди которуу (трансформациялоо) - жердин максаттык багытын же чарба жеринин түрүн өзгөртүүнүн натыйжасында жердин категориясын өзгөртүү. Кыртыштык-мелиоративдик абал - айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланууга жарактуулук даражасына жараша айыл чарба жерлеринин абалы. Чабынды - чөп чабуу үчүн системалуу колдонулган айыл чарба жери. Түп-тамырынан жакшыртылган чабынды - чымды жок кылуу жана кийин чөп айдоо жолу менен чабынды катары пайдаланылуучу айыл чарба жери. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган. Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участогунун ээси тарабынан даярдалуучу жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ. Техникалык-экономикалык негиздеменин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет; Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз жер участогу - мелиоративдик процесстерди жүргүзүүгө жана аны максаттуу багыты боюнча пайдаланууга мүмкүн болбогон жер участогу. Алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жер пайдалануучу алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер. (КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2021-жылдын 13 августундагы № 100, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203953/st-2)
