# КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 142 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 142 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4879/edition/1237821/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 142 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203950

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 15-июлу № 142

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203950/st-1)

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 10-берененин 15-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Турак жай менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү реквизиттерин көрсөтүү менен тиркелет.".

2. 11-берененин 4-бөлүгүнүн алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- коммерциялык эмес уюмду түзүүнү уюштуруучулардын тизмесин же фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен демилгечи-жарандардын (турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери үчүн) тизмесин. Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары же демилгечилери болуп жеке жактар чыккан учурда, уюштуруучулардын тизмесинде же демилгечи-жарандардын тизмесинде уюштуруучулардын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар же демилгечилер кол коет, мында алардын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203950/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
