# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203949)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203949/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4878/edition/477715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203949/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203949/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 188-статьяда:

статьянын аталышында "Кызматтык" деген сөздөн кийин "жана чет өлкөгө узак" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Чет өлкөгө узак иш сапар (мындан ары - ЧУИ) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттердеги же чет өлкөдө жайгашкан эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органына же мамлекеттик органдардын өкүлчүлүгүнө иштөөгө мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди иш сапарга жиберүү.".

2. 382-384-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"382-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек мамилелерин жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Кодекске, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары дипломатиялык кызмат органдарына жана алардын кызматкерлерине ал атайын мыйзам менен жөнгө салынбаган өлчөмдө гана жайылтылат.

---

Кийинки берене: [383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203949/st-383)
