8-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын негизги иш-милдеттери
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 июня 2026 года № 77
Дипломатиялык кызмат органдарына төмөнкү иш-милдеттер жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциялары жана негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президентке жана башка мамлекеттик органдарга киргизүү;
2) Президентке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети), стратегиялык сунуштарды жана алардын компетенцияларына кирген, анын ичинде эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуулардын алкактарында Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына ыкчам сунуштарды киргизүү;
21) чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу жөнүндө сунуштарды Президентке киргизүү;
3) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
4) эл аралык уюмдардын ишине, эл аралык конференциялардын, форумдардын жумуштарына Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылуу; дүйнөлүк коомчулукта жана ааламдык жана региондук эл аралык көйгөйлөрдү чечүүдө Кыргыз Республикасынын ролун жогорулатуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук иштерди уюштуруу;
6) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер менен байланыштарын жана мамилелерин өнүктүрүүгө жана сактоого көмөктөшүү;
7) өз компетенциясынын алкактарында эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
8) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер аралык бирикмелер менен эл аралык келишимдерди түзүү;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кароосуна Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, колдонулушун токтотуу жана токтото туруу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
10) эл аралык ачык укук жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун ишке ашыруу маселелери боюнча, анын ичинде өз алдынча же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кенеш) депутаттарынын, жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарына байланыштуу түшүндүрмөлөрдү берүү;
11) өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздук, коргоо, жаратылыш жана суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды жана чет өлкөлүк туристтерди тартуу, тышкы экономикалык жана соода, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, миграциялык, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен башка байланыштар сыяктуу чөйрөлөрдө Министрлер Кабинетинин саясатын жана иш-чараларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
12) өз компетепциясынын алкактарында мамлекеттер аралык кеңештердин ишин камсыз кылуу жана соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кеңештердин жана комиссиялардын, эл аралык экономикалык уюмдардын ишине катышуу;
13) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен экономикалык кызматташууну орнотууга жана аны өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө, чет мамлекеттердин тиешелүү административдик-аймактык бирдиктери жана алардын жергиликтүү органдары менен байланыштарды жүзөгө ашырууга, боордош шаарлар ортосунда тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
14) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүүсү жөнүндө Президентке сунуштарды киргизүү;
141) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү жөнүндө Президентке, Жогорку Кеңештин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизүү;
15) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тууралуу белгиленген тартипте сунуштарды киргизүү;
16) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсуна ылайык чет мамлекеттер менен карым-катнаштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын ишке ашырууда, анын ичинде өз компетенциясынын алкактарында мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу жана миграциялык көзөмөлдү уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу жолу менен көмөк көрсөтүү;
18) Жогорку Кеңештин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун эл аралык укуктук ченемдерине ылайык келишине укуктук экспертиза жүргүзүү;
20) жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу менен Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз алып чыгып кетүү жана сатуу менен байланышкан жоруктарды кыйла натыйжалуу териштирүү максатында укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү боюнча мыйзамдуу жана башка чараларды көрүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүү;
21) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өтүнүч каттары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иммигрант статусун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;
22) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары, башка мамлекеттердин тиешелүү органдары менен бирдикте ыктыярдуу жер которууну уюштуруу, жер которгондордун укуктарын коргоо жана ыктыярдуу жер которуучунун статусун берүү тууралуу өтүнүчтөрдү кароо;
23) эл аралык иштер маселелеринде тышкы саясаттын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максаттарында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялоону жүзөгө ашыруу;
24) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги органдары менен, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алар жана алардын кызмат адамдары тарабынан эл аралык иштерде тышкы саясаттын бирдиктүүлүк принцибин сактоосун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
25) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдардагы иштерин координациялоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
26) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык берилген артыкчылыктардын жана иммунитеттердин Кыргыз Республикасында сакталуусун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана рухий жашоосу жөнүндө маалыматтардын таратылышын координациялоо;
28) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык иш-чараларда катышуусу менен байланышкан иштерди координациялоо;
29) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги ардактуу консулдарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык алардын иштерине жетекчиликти жүзөгө ашыруу;
30) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин депозитарийинин иш-милдетин жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылуу;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары же эл аралык уюмдардын кызмат адамдары менен карым-катнаштарын дипломатиялык колдоону камсыз кылуу;
32) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чет мамлекеттерге сапарларын жүзөгө ашырууда, ошондой эле чет мамлекеттердин делегацияларынын жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларында Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын протоколдук кызматтары менен биргеликте дипломатиялык протоколду камсыз кылуу;
33) дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана мамлекеттик кызматчыларды миссияларга жана эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн башка иш-чараларга жиберүү боюнча иштерди уюштуруу;
34) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардагы квоталык кызматтарга дайындоо боюнча иштерди уюштуруу;
35) дипломатиялык кызматтын кадрларын тандоону, даярдоону, кайра даярдоону, алар менен дипломатиялык кызмат органдарын жана кадрлар резервин толуктоону жүзөгө ашыруу;
36) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын эл аралык абал жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты тууралуу кабарландыруу;
37) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн Кыргыз Республикасында иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
38) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө;
39) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө;
39-1) дипломатиялык кызмат органдарынын финансылык иштерин эсепке алуу жана контролдоо боюнча иштерди уюштуруу;
40) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана эл аралык укуктун ченемдеринде каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>