# 7-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын ишинин максаты жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850650..850651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 7-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук кызыкчылыктарын коргоо дипломатиялык кызмат органдарынын ишинин максаты болуп саналат.

2. Дипломатиялык кызмат органдарына төмөнкү милдеттер жүктөлөт:

1) чет мамлекеттер менен анын тең укуктуу мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташууга багытталган Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун жүргүзүү;

2) теңчилик жана жалпы коопсуздук принциптерине негизделген эл аралык тынчтыкты, ааламдык жана региондук коопсуздукту кармап турууга көмөктөшүү;

3) улуттук коопсуздуктун дипломатиялык каражаттары менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын ишке ашырууга катышуу;

4) чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук карым-катнаштарын, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуусун камсыз кылуу;

6) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тышкы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, экспортту жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдырууга, Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды, жаңы технологияларды жана инновацияларды тартууга, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен гуманитардык жана техникалык кызматташууну кеңейтүүгө катышуу;

7) материалдык-техникалык базаны, кесипкөй кадрдык потенциалды, дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо тутумун түзүү;

8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-8)
