# 5-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 5-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-5

---

1. Дипломатиялык кызмат органдарына ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы орган, ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси кирет.

2. Президент ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерин уюштурат, алардын ишин токтотуп турат жана жоёт.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине жетекчилик жана ишинин багыттарын аныктоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин иши ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат. Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин ишин уюштуруунун тартиби Президент тарабынан аныкталат.

3. Дипломатиялык кызмат органдары жана ыйгарым укуктуу органга ведомстволук караштуулуктагы уюмдар дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумун түзөт.

(КР 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-6)
