# 4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 4-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-4

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик) - чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштар мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - туруктуу өкүлчүлүк) - Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине катышуусун камсыз кылуучу жана Кыргыз Республикасынын атынан иш алып баруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштар мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын консулдук мекемеси (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик) - чет мамлекеттин аймагында тиешелүү консулдук округдун чектеринде Кыргыз Республикасынын атынан консулдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын визалык пункту - чет мамлекеттин тиешелүү аймагынын чектеринде Кыргыз Республикасынын визаларын жол-жоболоштуруу жана берүү боюнча иш-милдеттерди жана башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын концеляриясы (бөлүмү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси же Кыргыз Республикасынын визалык пункту; Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (Элчи) дипломатиялык өкүлчүлүктүн (дипломатиялык миссиянын) башчысы болуп саналган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп саналган, тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан аракеттенүүчү Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинин башчысы (башкы консул, консул, вице-консул) - чет мамлекеттин аймагында тиешелүү консулдук округдун чектеринде Кыргыз Республикасынын атынан консулдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн дайындалган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - бир же бир нече чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; дипломатиялык ранг - ушул Мыйзамга ылайык дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана башка мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылуучу өзгөчө мамлекеттик наам; ыйгарым укуктуу орган - тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; ыйгарым укуктуу органдын алдындагы орган - Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу органдын аткаруучу-тескөөчү жана координациялык иш-милдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгү - Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринде ыйгарым укуктуу органдын өкүлү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; ыйгарым укуктуу органга ведомстволук караштуулуктагы уюм - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин камсыз кылуучу жана/же Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өз ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн сервистик тейлөөнү жүзөгө ашыруучу уюм; чет өлкөгө узак иш сапар (мындан ары - ЧУИ) - ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин чет өлкөдөгү мекемеге ишке иштөөгө жиберүү; дипломатиялык кызматтын кызматкерлери - дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарында мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары; акчалай күтүү - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерине акчалай төлөмдөр; консулдук кызмат көрсөтүү - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жеке жана юридикалык жактарга карата дипломатиялык кызмат органдары тарабынан консулдук иш-аракеттерди жасоодо билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрү; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери - ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ иштөөгө жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматчылары; дипломатиялык кызматтын кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү - жубайы, он сегиз жашка жете элек балдары, ошондой эле дипломатиялык кызматтын кызматкери болуп саналган ата-энелердин же алардын биринин багуусунда турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бул курактан улуу балдар; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башка кызматчылары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде техникалык иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин/контракттардын негизинде Кыргыз Республикасынын жана/же чет мамлекеттердин ошол мамлекеттеги жарандарынын ичинен чет өлкөдөгү мекеме жалдаган кызматчылар. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-5)
