4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик) - чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштар мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - туруктуу өкүлчүлүк) - Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине катышуусун камсыз кылуучу жана Кыргыз Республикасынын атынан иш алып баруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштар мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын консулдук мекемеси (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик) - чет мамлекеттин аймагында тиешелүү консулдук округдун чектеринде Кыргыз Республикасынын атынан консулдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын визалык пункту - чет мамлекеттин тиешелүү аймагынын чектеринде Кыргыз Республикасынын визаларын жол-жоболоштуруу жана берүү боюнча иш-милдеттерди жана башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын концеляриясы (бөлүмү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси же Кыргыз Республикасынын визалык пункту; Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (Элчи) дипломатиялык өкүлчүлүктүн (дипломатиялык миссиянын) башчысы болуп саналган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп саналган, тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан аракеттенүүчү Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинин башчысы (башкы консул, консул, вице-консул) - чет мамлекеттин аймагында тиешелүү консулдук округдун чектеринде Кыргыз Республикасынын атынан консулдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн дайындалган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - бир же бир нече чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы; дипломатиялык ранг - ушул Мыйзамга ылайык дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана башка мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылуучу өзгөчө мамлекеттик наам; ыйгарым укуктуу орган - тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; ыйгарым укуктуу органдын алдындагы орган - Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу органдын аткаруучу-тескөөчү жана координациялык иш-милдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгү - Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринде ыйгарым укуктуу органдын өкүлү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы; ыйгарым укуктуу органга ведомстволук караштуулуктагы уюм - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин камсыз кылуучу жана/же Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өз ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн сервистик тейлөөнү жүзөгө ашыруучу уюм; чет өлкөгө узак иш сапар (мындан ары - ЧУИ) - ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин чет өлкөдөгү мекемеге ишке иштөөгө жиберүү; дипломатиялык кызматтын кызматкерлери - дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарында мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары; акчалай күтүү - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерине акчалай төлөмдөр; консулдук кызмат көрсөтүү - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жеке жана юридикалык жактарга карата дипломатиялык кызмат органдары тарабынан консулдук иш-аракеттерди жасоодо билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрү; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери - ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ иштөөгө жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматчылары; дипломатиялык кызматтын кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү - жубайы, он сегиз жашка жете элек балдары, ошондой эле дипломатиялык кызматтын кызматкери болуп саналган ата-энелердин же алардын биринин багуусунда турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бул курактан улуу балдар; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башка кызматчылары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде техникалык иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин/контракттардын негизинде Кыргыз Республикасынын жана/же чет мамлекеттердин ошол мамлекеттеги жарандарынын ичинен чет өлкөдөгү мекеме жалдаган кызматчылар. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")Редакцияларды салыштыруу
01.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүзөгө ашыруу үчүн дайындалган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы;
кошулду: Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - бир же бир нече чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы;
дипломатиялык ранг - ушул Мыйзамга ылайык дипломатиялык кызматтын … кызматтын кызматкерлери - дипломатиялык жана консулдук кызмат алынып салынды: орундарды ээлеген, кошулду: орундарын, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарында мамлекеттик алынып салынды: административдик орундарды ээлеп турган кошулду: жарандык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
акчалай күтүү - алынып салынды: бул ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ иштөөгө жиберилген Кыргыз Республикасынын алынып салынды: дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин алынып салынды: кызматчыларына кошулду: кызматкерлерине акчалай төлөмдөр;
консулдук кызмат көрсөтүү - бул Кыргыз … өлкөдөгү мекеме жалдаган кызматчылар.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № алынып салынды: 125 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-октябрындагы № 579 ""Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 25.10.2013 · № 579 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>