# 31-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жана акчалай күтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 31-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-31

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Президент тарабынан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин ЧУИ жүргөн убагында акчалай күтүү Министрлер Кабинети тарабынан 2 жылда бир жолу кайра каралат.

3. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин ишине дем берүү жана сыйлоо максаттарында эки же андан көп чет тилдерди билгендиги үчүн Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте үстөк төлөнүп берилет.

4. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчылары үчүн каралган жеңилдиктер, компенсациялар жана кошумча материалдык камсыз кылуулар жайылтылат.

5. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине ЧУИ болуу убагында атайын эсептеги каражаттардын эсебинен, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими боюнча, ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, эмгек акысына жана акчалай күтүүгө ылайык кошумча акчалай сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-32)
