# 30-берене. Дипломатиялык кызмат органдарын финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 30-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-30

---

1. Дипломатиялык кызматтын органдарын жана алардын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башка кызматкерлерин финансылык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген тартипте алынган консулдук кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка каражаттардан түзүлгөн атайын эсептеги каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Дипломатиялык кызмат органдарынын жана алардын кызматкерлеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык кызмат органдарынын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө ээ болуунун, аларды пайдалануунун жана тескөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары дипломатиялык кызмат органдарынын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө ээ болуунун, аларды пайдалануунун жана тескөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана келген мамлекеттин ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле тийиштүү эл аралык келишимдерде белгиленет.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча каражаттарын дипломатиялык кызмат органдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алат.

5. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) ыйгарым укуктуу органдын жана дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосундагы жамааттык келишимге ылайык, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдөн түзүлгөн атайын эсептеги каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген тартипте алынган башка каражаттарды пайдаланууга.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-31)
