29-берене. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ЧУИ жүргөн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кепилдиктер жана компенсациялар
Күчүндө · 01.06.2026 редакциясы · 5-глава
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ЧУИ жүргөн кызматкерлерин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун тартиби кызмат өтөөнүн татаалдыгын, барган мамлекеттеги өзгөчө шарттарды (климаттык, социалдык-экономикалык жана материалдык-тиричиликтик) эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. ЧУИ жиберүүдө жана кайтууда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине жолдо жүрүү жана жол жүгүн алып жүрүү боюнча чыгымдарды жабуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери келген өлкөдө аны менен бирге жашаган жубайына мамлекеттик/муниципалдык органда мурунку иштеген орду сакталат.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкеринин аны менен бирге жашаган жубайына келген мамлекетте болуу мөөнөтү эгерде ал Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бардык тийиштүү төлөмдөрдү төлөп турса, келген мамлекетте болуу мөөнөтү жалпы эмгек стажына кошуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери келген мамлекетте аны менен бирге жашаган жубайы болгон учурда, ар айлык акчалай күтүүнүн 30 пайыз өлчөмүндөгү кошумча акчалай акы ай сайын төлөнөт. Кошумча акчалай күтүү төлөнбөгөн өзгөчө учурлар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкеринин келген мамлекетте аны менен бирге жашаган жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнө Министрлер Кабинети аныктаган тартипте келген мамлекетинде мектепке чейинки жана жалпы билим алуусуна акы төлөө кепилденет.
4. ЧУИ болуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кандайдыр бир зыянын тийгизбөөсү керек.
5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ЧУИ жүргөн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Министрлер Кабинети аныктаган тартипте келген мамлекетинде медициналык тейлөө (медициналык камсыздандырууну кошуп алганда) кепилденет.
6. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ар жылкы эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан барып-келүүгө транспорттук чыгымдарды алууга укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкеринин аны менен бирге ЧУИ жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте 3 жылдын ичинде бир жолу ага ар жылкы эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан барып-келүүгө транспорттук чыгымдарды алууга же болбосо келген өлкөдөн Кыргыз Республикасына жана кайра кайтуу үчүн авиа билетинин наркына теңдеш акчалай компенсация алууга укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкерине ар жылдык төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилбеген (пайдаланылбаган) учурда, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери эмгек өргүүсүнө чыкпай калган ар бир жыл үчүн эмгек өргүүсүн пайдаланууга же бир айлык акчалай күтүү түрүндөгү компенсацияга болгон укугун жоготпойт.
9. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, анын жакын туугандарынын бирөөсү (ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-сиңдиси, балдары, кыздары) же жубайынын жакын туугандарынын бирөөсү (ата-энеси, ага-иниси, эже-сиңдиси, балдары, кыздары) каза болгонуна байланышкан барып-келүүгө транспорттук чыгымдарды алууга укуктуу.
10. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери ээлеген кызмат ордун жана акы менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен, келген мамлекетте Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте турак жай менен камсыз болот.
11. Куралдуу жана жарандык жаңжалдар учурунда же болбосо Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин же анын кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч келген учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси жайгашкан жердеги табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар учурларында ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкерлерин жана алар бирге жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, аларды Кыргыз Республикасына ыкчам кайтуусу боюнча зарыл чараларды көрөт.
12. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкерине жана ал ЧУИ болуу убагында анын үй-бүлө мүчөлөрүнө келтирилген зыяндын (өлүм же ден соолугуна келтирилген зыян) орду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте толтурулуп берилет.
13. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине ыйгарым укуктуу органдан, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдан же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнөн ЧУИ жөнөтүлгөн кызматкерлерге ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө акыркы ээлеген кызмат орду боюнча ар айлык эмгек акысынын 50 пайызы өлчөмүндөгү ар айлык акчалай компенсация сакталат.
14. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жөнөтүлгөн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине келүүсү боюнча жайгашуусуна бир айлык акчалай күтүүсүнүн өлчөмүндө бир жолку компенсация төлөнүп берилет.
(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203948/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>