# 27-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 27-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-27

---

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери укук бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, кылмыш-жаза жана/же башка жоопкерчиликке тартылат.

Дипломаттык кызматтын кызматкерлерине карата өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулат:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызматка толук ылайык келбегени жөнүндө эскертүү;

5) кызмат ордун же дипломатиялык рангын/класстык ченин төмөндөтүү;

6) дипломатиялык рангынан/класстык ченинен ажыратуу;

7) тартиптик жаза чарасы катары ЧУИ Кыргыз Республикасына мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу;

8) иштен бошотуу.

2. Тартиптик жаза ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык салынат.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка жоопкерчиликке алып келүүчү жосун жасаганы үчүн тартиптик жаза салынышы мүмкүн эмес.

4. Жазалар жөнүндө маалыматтар дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жеке көктөмөсүнө киргизүү жолу менен эсепке алынууга жатат.

5. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери эмгектик талаш-тартыштарды маани-маңызы боюнча кароо үчүн белгиленген тартипте тийиштүү органдарга кайрыла алышат.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-28)
