# 26-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин сыйлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850650..850651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 26-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-26

---

1. Өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарганы, жигердүү, демилгелүү жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды аткарганы, ошондой эле кызматтагы башка жетишкендиктери үчүн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери төмөнкүдөй сыйланат:

1) - дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге карата мөөнөтүнөн мурда дипломаттык рангын жогорулатуу менен же дипломаттык рангды кезексиз ыйгаруу менен;

2) акчалай сыйлык менен;

3) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук сыйлыктары жана баалуу белектери менен;

4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган сыйлоонун башка формалары менен.

2. Өзгөчө кызматы үчүн дипломаттык кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышат.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-27)
