# 24-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 24-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-24

---

Дипломатиялык кызматтын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоого;

2) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын эл аралык беделинин жогорулашына өбөлгө түзүүгө, анын коопсуздугунун, экономикалык жана илимий-техникалык дараметинин чыңдалышына көмөк көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасын татыктуу таанытууга жана анын кызыкчылыктарын коргоого;

2-1) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген дипломатиялык кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү өзүнө алууга;

3) чет мамлекетте болуу убагында барган өлкөнүн мыйзамдарын, эрежелерин, салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого;

4) мамлекеттик, кызматтык жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде дипломаттык кызматтагы ишин токтоткондон кийин да сактоого;

5) өзүнүн кесипкөй деңгээлин, квалификациясын жогорулатууга, мамлекеттик жана чет тилдерди билүүсүн өркүндөтүүгө;

6) дипломатиялык кызмат органдарынын ченемдик актыларында белгиленген эрежелерди сактоого;

6-1) ЧУИге жөнөтүү алдында түзүлгөн контракттын шарттарын сактоого;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-25)
