# 22-берене. Дипломатиялык рангды мөөнөтүнөн мурда жана кезексиз ыйгаруу, төмөндөтүү, ажыратуу жана калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850650..850651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 22-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-22

---

1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери иште олуттуу ийгиликтерге жетишкенде жана өзгөчө эмгек сиңиргенде, белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин рангынан жогорулатылышы (мөөнөтүнөн мурда ранг ыйгаруу) же ранг ыйгаруунун кезектүүлүгү сакталбастан, бирок бир тепкичтен жогору эмес (кезексиз ранг ыйгаруу) ранг ыйгарылышы мүмкүн.

2. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкери өзүнүн кызматтык милдеттерин дайыма аткарбаган же дипломаттын статусуна сыйбаган жоруктарды жасаган учурда дипломатиялык рангы төмөндөтүлүшү мүмкүн.

Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерин дипломатиялык рангдан ажыратуу, төмөндөтүү жана калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Иши боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алып салынбаган олуттуу эскертүүсү жана/же тартип жазасы бар дипломатиялык кызматтын кызматкери дипломатиялык рангды ыйгарууга көрсөтүлбөйт.

4. Дипломатиялык рангдар ыйгарылган, дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмгек акысына атайын үстөк акы төлөнүп берилет.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-23)
