# 21-берене. Дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 21-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-21

---

1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн ар бир дипломатиялык рангда болуу мөөнөттөрү төмөнкүдөн кем эмес мөөнөттөрдү түзөт:

1) атташе үчүн - 1 жылдан;

2) үчүнчү катчы, экинчи катчы үчүн - 2 жылдан;

3) 1 жана 2-класстагы биринчи катчы, 2-класстагы кеңешчи үчүн - 3 жылдан.

1-класстагы кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт. Кезектеги дипломатиялык рангдар ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөргө ылайык ыйгарылат.

2. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошуп эсептелет:

1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө иштөөсү;

2) чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөөсү;

3) мурунку СССРдин жана союздук республикалардын Тышкы иштер министрлигинде иштөөсү;

4) ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча окуу жайларында жана илимий мекемелерде окуусу, стажировкасы жана изилдөө жүргүзүүсү;

5) Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө иштөөсү;

6) 12 айдан көп эмес мөөнөткө өз алдынча өтүүдө окуу жайларында жана илимий мекемелерде окуусу, стажировкасы жана изилдөө жүргүзүүсү;

7) ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн миссиялардын ишине жана иш-чараларга катышуусу;

8) эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасына бекитилген эл аралык уюмдарда квоталык кызмат орундарында иштөөсү.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-22)
