# 19-берене. Дипломатиялык рангдар жана класстык чендер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 19-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-19

---

1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине төмөнкүдөй рангдар ыйгарылат:

1) атташе;

2) үчүнчү катчы;

3) экинчи катчы;

4) 2-класстагы биринчи катчы;

5) 1-класстагы биринчи катчы;

6) 2-класстагы кеңешчи;

7) 1-класстагы кеңешчи;

8) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси;

9) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарылган 2-класстагы экинчи катчынын жана 1-класстагы экинчи катчынын рангдары экинчи катчынын рангына теңештирилет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине класстык чендер ыйгарылат. Класстык чендерди ыйгаруунун тартиби, ошондой эле ал чендерде жүрүүнүн мөөнөтү "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-20)
