# 18-берене. Жогорку окуу жайларына жана илимий мекемелерге жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 18-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-18

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери алардын макулдугу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан квота боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана чет өлкөдөгү жогорку кесиптик окуу жайларына жана илимий мекемелерге (мындан ары - окуу жайлар жана илимий мекемелер) күндүзгү окууга, изилдөө жүргүзүүгө жана стажировкага жөнөтүлүшү мүмкүн.

Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери өз алдынча ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде 12 айдан ашык эмес мөөнөткө жогорку окуу жайында же илимий мекемеде изилдөө жүргүзүү же стажировка үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин макулдугу менен өтө алышат. Мында дипломатиялык кызматтын мындай кызматкерлери кайтып келгенде мурда ээлеген кызмат орундарына кайра калыбына келтирүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

2. Эгерде дипломатиялык кызматтын кызматкери квота боюнча окуу жайга же илимий мекемеге ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнөтүлсө, анын кызмат орду сакталып турат жана ал кайтып келгенден кийин дипломатиялык кызмат органдарында бир жылдан кем эмес иштеши керек.

3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан квота боюнча окуу жайга же илимий мекемеге 6 айдан көп эмес мөөнөткө жөнөтүлгөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин иштеген жери боюнча айлык акысы окуунун бардык мөөнөтүнө сакталып турат.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-19)
