# 17-берене. Кызматтык аттестациялоо жана ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 17-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-17

---

1. Дипломатиялык кызматтан кызматкерлерин кызматтык аттестациялоо, эреже катары, 3 жылда бир жолудан ашык эмес өткөрүлөт. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарты жана башка маселелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик актыларында аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчыларынын иши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлерге ылайык бааланат.

3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациялоо ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилүүчү Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы жөнүндө жободо аныкталат.

5. Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы өзүнүн протокол түрүндө жол-жоболоштурулуучу чечими менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине тиешелүү сунуш киргизет.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-18)
