# 15-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин жылдыруу, которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 15-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-15

---

1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалуучу дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумундагы дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлерин жылдыруу, которуу ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актысында белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын кызмат орду бош болгон учурда же эгерде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысы белгилүү бир жагдайлардан улам өзүнүн функцияларын аткара албаганда, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучуну анын улук кызмат адамдарынын ичинен дайындайт.

2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген мезгилинде дипломатиялык кызматтын кызматкери кызмат ордунан бир жолудан көп эмес жана бир позициядан жогору эмес жогорулашы мүмкүн.

3. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (Абзац КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Президент тарабынан дайындалуучу дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине ушул берененин жоболору жайылтылбайт. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-16)
