# 14-берене. Дипломатиялык кызмат органдарына кызмат орундарына дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 14-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-14

---

1. Бош дипломатиялык, консулдук кызмат орундарына, ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү мамлекеттик жарандык кызмат орундарына кадрлар резервине кирген, башка мамлекеттин жарандыгына таандык болбогон, жогорку кесиптик билимге ээ жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен дайындалат.

Башка мамлекеттин жарандыгына таандык эместигине жана жогорку кесиптик билиминин болушуна карата ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын талаптары кызмат орундарына Президент тарабынан дайындалуучу талапкерлерге карата да колдонулат. Дипломатиялык же консулдук бош кызмат орундарын, ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарынын ээлөөгө кадрлар резервинде талапкерлер болбогондо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ачык конкурс өткөрүлөт. Ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органга же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнө кызматка алгач кирүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, анын ичинде жаш адистерди, ошондой эле кадрлар резервинен же башка мамлекеттик органдардан которуу тартибинде тартуунун зарылчылыгын эске алуу менен, ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү кызмат ордуна дайындалуучу жана андан бошотулуучу талапкерлер боюнча Президентке сунуш киргизет:

1) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;

2) Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча көрсөтүлгөн кызмат орундарына дипломатиялык кызмат органдарында, Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жыйындысында 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат. Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коомдук же экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындоо үчүн Президентке сунуштама киргизет. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасын эл аралык уюмдарда көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизет, аларды кызмат ордуна дайындоо жана андан бошотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирет. Дипломатиялык кызмат органдарынын калган кызматкерлери ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызмат орумдарына дайындалат жана кызмат орундарынан бошотулат.

21. Кыргыз Республикасынын башкы консулдары бир же бир нече чет тилин билген жана дипломатиялык кызмат органдарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Президент менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен дайындалат.

3. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси органдын түзүмүн бекитүүгө жана өзгөртүүгө, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарынын штаттык ырааттамасын белгиленген чектик штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чектеринде бекитүүгө жана өзгөртүүгө укуктуу.

4. Дипломатиялык кызмат органдарында бири-бирине карата түздөн-түз кызматтык баш ийүүдө же көзөмөлүндө болгон жакын туугандардын иштешине жол берилбейт.

5. Дипломатиялык кызматтын кызматкери ыйгарым укуктуу орган тарабынан жиберилген ЧУИ Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, эгерде анын ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда каралган тартиптик жаза чарасы болбосо, ал ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө ЧУИ кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордуна дайындалууга тийиш.

Ылайыктуу бош орун болбогондо, Кыргыз Республикасына ЧУИ кайтып келген кызматкер ЧУИ кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн кызматка, бирок бир баскычтан төмөн эмес жана кызматкердин өзүнүн макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн.

6. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде дипломатиялык кызматта жүргөн кызматкер ЧУИ Кыргыз Республикасына ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө же ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган башка мөөнөттө кайтууга жана ыйгарымдуу органга келүүгө тийиш.

Эгерде чет өлкөдөгү мекемедеги дипломатиялык кызматтын кызматкери ЧУИ Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтып келбесе, ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык ишке орноштуруу боюнча милдеттенмелер өзүнүн күчүн жоготот. (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-15)
