# 13-берене. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резерви

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.06.2026 [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 13-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-13

---

1. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү бош кызмат орундарын ээлөөгө дипломатиялык кызмат органдарын талапкерлер менен камсыз кылуу үчүн багытталган.

2. Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан сунушталгандар ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен кадрлар резервине киргизилет:

1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;

2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу боюнча бошонуп кетишкен же дипломатиялык кызмат органынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына өтүшкөн дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;

3) кайра уюштуруу, штаттык санынын кыскартуу менен байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;

4) илимий изилдөө жүргүзүү үчүн өз алдынча күндүзгү окууга, Кыргыз Республикасынын аймагында же чет өлкөдө жогорку окуу жайына же илимий мекемеге 12 айдан ашуун мөөнөткө стажировкага кирген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн ээлеген кызмат орундарынан бошотуу менен;

5) Кыргыз Республикасына бөлүнгөн квота боюнча эл аралык уюмдарга жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери ээлеген кызмат орундарынан бошотуу менен;

6) миссиялардын иштерине жана эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышуу үчүн жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери ээлеген кызмат орундарынан бошотуу менен;

7) (КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8)Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бир же бир нече чет тилдерди билген жана ошол түзүмдүк бөлүмдөрдө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген кызматкерлери;

9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош кызмат ордун ээлөө үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча өтүү упайын алган жарандар;

10) кызматтык аттестациялоодон ийгиликтүү өткөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери.

3. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-14)
