# 10-берене. Байланыш, архив, коопсуздук жана басма органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203948)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047590)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948#diff=850651..54806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4877/edition/850650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203948/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө, 10-берене (01.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-10

---

1. Дипломатиялык кызмат өз алдынча байланыш тутумуна, анын ичинде шифрленген, жана архивге ээ.

2. Ыйгарым укуктуу орган менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ортосундагы тиешелүү байланышты камсыз кылуу жана шифрленген депешти тез берүү үчүн байланыш ачык каналдары жана радиоканалдар, ошондой эле курьердик кызмат пайдаланылат.

3. Ыйгарым укуктуу органдын архивинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин түп нускалары, күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле анын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл башка материалдар сакталат.

4. Ыйгарым укуктуу орган Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук тутумун уюштурат.

5. Дипломатиялык кызмат органдары жана ыйгарым укуктуу органга ведомстволук караштуулуктагы уюмдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык басма продукциясын чыгарууга укуктуу.

(КР 2026-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203948/st-11)
