# КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 133 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 133 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4870/edition/1196987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 133 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203941

---

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 11-июлу № 133

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203941/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 51-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.".

2. 55-берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:

"13. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203941/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
