# КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 132 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 132 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4869/edition/1237817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 132 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203940

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 11-июлу № 132

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203940/st-1)

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: 6-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) өз аталыштарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде тийиштүүлүгүнө жараша кыргыз, орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203940/st-2)

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) аталышында башка алфавиттердин тамгалары же иероглифтери болсо, мамлекеттик кайра каттоодо ушундай аталышты пайдалануу укугун сактап калышат.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203940/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
