# 8-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 8-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-8

---

1. Мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компетенциясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.

2. Мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн багытталган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;

3) берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга;

4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-9)
