# 7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 7-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-7

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн каралган материалдык, каржылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

2) мамлекеттик бийлик органдарынан усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардамдарды алууга.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды үнөмдүү тескөөгө, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга;

3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;

4) мамлекеттик органдарга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды берүүгө;

5) тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетту өз убагында берүүгө.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-8)
