# 6-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык жана башка ресурстар менен камсыз кылуу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935#diff=1219812..17543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 6-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-6

---

1. Мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилет.

2. Максаттуу трансферттер (субвенциялар) адистин эмгегине төлөөнү, иш сапар чыгымдарын, квалификация жогорулатууга байланышкан чыгымдарды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон каржылык чыгымдарды камтыйт.

3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүзөгө ашыруусуна каржы каражаттарынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизинде аныкталат.

4. Берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каржы каражаттары республикалык бюджетте өзүнчө берене менен каралат.

5. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө өзүнчө берене менен чегерилет жана эсепке алынат.

6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык жана каржы каражаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан максатсыз чыгымдоого тыюу салынат.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-7)
