# 2-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн принциптери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 2-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-2

---

1. Мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарын берүү төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) мыйзамдуулуктун;

2) социалдык-экономикалык негиздүүлүктүн;

3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун аныктыгынын жана ачык-айкындуулугунун;

4) тараптардын теңчилигинин (келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө);

5) берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын материалдык жана каржылык жактан камсыз болушунун;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша ыйгарым укуктарды дифференциялоонун;

7) ачыктыктын, коллегиялуулуктун;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында отчет берүүчүлүктүн;

9) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктардын шайкештүүлүгүнүн.

2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын жана кепилдиктерин бузууга же чектөөгө тийиш эмес.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана аныктыгын эске алуу менен аларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү коомдоштуктарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында жүргүзүлөт.

4. Берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн тоскоолдук түзүүгө жана тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштуктарынын социалдык-экономикалык абалын начарлатууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-3)
