# 17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 17-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-17

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) 2013-жылдын 1-сентябрына чейин:

- ушул Мыйзамга ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө типтүү келишимди бекитсин;

3) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмдөрүн эсептөө усулун аныктасын;

4) 2015-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда аларда ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-16)
