17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) 2013-жылдын 1-сентябрына чейин:
- ушул Мыйзамга ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө типтүү келишимди бекитсин;
3) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмдөрүн эсептөө усулун аныктасын;
4) 2015-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда аларда ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 02.07.2015 · № 142
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн…Постановление · 30.05.2019 · № 235
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203935/st-17" title="17-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>