# 16-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935#diff=1219812..17543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 16-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-16

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол ыйгарым укуктар материалдык, каржылык жана башка каражаттар менен кандай камсыз болсо, берилген ыйгарым укуктарды ошол өлчөмдө жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде күчүнө кирген сот актысында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды аткаруу зарыл материалдык жана каржылык каражаттар менен камсыз кылынбаганы же болбосо мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин жана аракеттеринин натыйжасында аларды аткаруу мүмкүн болбогону белгиленсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамга же келишимге ылайык ээ кылынган мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.

4. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү коомдоштук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-17)
