# 12-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдындагы отчеттуулугу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203935)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4864/edition/1219811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203935/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө, 12-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-12

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана аларды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана каржылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетторду берет.

2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жөнүндө отчет мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203935/st-13)
