# КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4862/edition/856388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203933

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 9-июлу № 125 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203933/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 117-статьяда: мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "117-статья. ВИЧ-инфекциясын жуктуруу

(1) Билип туруп башка адамды ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучуна туш кылганда, - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Өзүндө ал оорунун бар экендигин билген адам ВИЧ-инфекциясын башка адамга жуктурганда, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан ашык адамга же болбосо жашы жетпегенге карата жасалганда, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаганынын кесепетинен ВИЧ-инфекциясы башка адамга жукканда, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам, эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого ыктыярдуу макул болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат."; расмий тилдеги текстинде: 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "наказывается ограничением свободы на срок до трех лет либо лишением свободы на срок до трех лет."; 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "наказывается ограничением свободы на срок от трех до пяти лет."; 3-бөлүктүн экинчи абзацында "до пяти" деген сөздөр "от пяти до семи" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "наказывается лишением свободы на срок от трех до пяти лет с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203933/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
