# 8-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин кайра түзүү жана жоюу

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 8-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-8

---

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча турак жай же турак жай-курулуш кооперативине кайра түзүлүшү мүмкүн.

3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ал жоюлгандан жана карыздарын тындыргандан кийин калган мүлкү шериктиктин мүчөлөрүнүн ортосунда жалпы мүлктөгү алардын үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-9)
