4-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 2-глава
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү үчүн турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин 10 пайызы демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
Демилгелүү топ чогулуш өткөрөт, анда уюштуруу чогулушунун датасы, убактысы жана орду, уюштуруу чогулушунун алдын ала күн тартиби жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдын ала аталышы аныкталат. Демилгелүү топтун чогулушу демилгелүү топтун чогулушуна катышкан турак жай ээлеринин фамилиясы, аты жана атасынын аты, дареги, телефондору көрсөтүлүү менен протоколго түшүрүлүшү керек. Демилгелүү топ уюштуруу чогулушуна он күн калганга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына уюштуруу чогулушун өткөрүү датасын, убактысын жана ордун, ошондой эле демилгелүү топтун бардык мүчөлөрүнүн байланыш каражаттарын көрсөтүү менен турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушун өткөрүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберет. Демилгелүү топ уюштуруу чогулушун өткөрүү датасын, убактысын, ордун, демилгелүү топтун катышуучуларынын фамилиясын, атын жана атасынын атын, даректерин, байланыш каражаттарын, уюштуруу чогулушунун алдын ала күн тартибин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдын ала аталышын көрсөтүү менен, уюштуруу чогулушун өткөрүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө бардык менчик ээлерине билдирет. Уюштуруу чогулушу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү ар бир менчик ээсине кол коюу менен тапшырылууга тийиш, ал эми жашаган жери боюнча менчик ээси жок болгон учурда же билдирүүнү кабыл алууну каалабаган учурда бул тууралуу демилгелүү топ тарабынан жүргүзүлгөн билдирүү журналына жазуу жазылат. Көп кабаттуу үйдү курган жеке ишкер же юридикалык жак, анын уюштуруучулары жана кызматкерлери демилгелүү топтун жана уюштуруу чогулушунун курамында болууга укугу жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы турак жай менчик ээлеринин шериктештигин түзүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун турак жай менчик ээлеринин шериктештиги менен мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө зарыл жардам көрсөтүү үчүн уюштуруу чогулушуна кызматкерди жиберүүгө укуктуу.
2. Уюштуруу чогулушу төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жөнүндө;
2) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин аталышын жана жайгашкан жерин бекитүү тууралуу;
3) уставын бекитүү тууралуу;
4) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдарын шайлоо тууралуу.
Уюштуруу чогулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүүгө жана анын ишине тиешелүү жана башка маселелерди кароого укуктуу.
3. Уюштуруу чогулушу, эгерде ага турак жай жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин көпчүлүгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Добуш берүү бюллетень колдонуу менен же чогулуш тарабынан белгиленген башкача жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Добуш берүүгө турак жайдын же турак эмес жайдын бир гана менчик ээси катыша алат. Эгерде менчик ээси бир нече турак же турак эмес жайга ээ болсо, анда анын добушу бир добушка барабар.
4. Эгерде менчик ээлеринин жалпы санынын добуштарынын 51 пайызынан кем эмеси ал үчүн добуш берсе, турак жай ээлеринин шериктигин түзүү тууралуу чечим кабыл алынган болуп эсептелинет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө менчик ээлерине жеткирилет.
5. Уюштуруу чогулушунун протоколу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
6. Демилгечи топ турак жай менчик ээлеринин шериктигин мамлекеттик каттоодо ыйгарым укуктуу органдарга берилген маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлгөн болуп эсептелинет жана юридикалык жак болуп саналат.
8. Эгерде шериктиктин уставында башкача каралбаса, турак жай менчик ээлеринин шериктиги ишинин мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
9. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги өз милдеттенмелери боюнча ага таандык болгон бардык мүлкү менен жооп берет. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги шериктиктин мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми шериктиктин мүчөлөрү шериктиктин милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-4" title="4-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>