# 3-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 3-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-3

---

1. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги - көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү (кыймылсыз мүлк комплексин) биргелешип башкаруу, ошол комплексти эксплуатациялоону камсыз кылуу, ээлик кылуу, пайдалануу жана мыйзамдарда белгиленген чектерде көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тескөө, ошондой эле чектеш аймакты көрктөндүрүү үчүн көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын (менчик ээлери) менчик ээлери тарабынан уюштурулат.

3. Мүчө болууну каалаган менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин анын мүчөлөрү болуп калышат жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарына жана милдеттерине ээ болушат.

Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуп саналбаган менчик ээлери көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү түйшүгүн тең тартышат.

4. Көп батирлүү бир үйдө эки же андан көп турак жай менчик ээлеринин шериктиктерин түзүүгө жол берилбейт.

5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүүдө жана иштөөсүндө менчиктештирилбеген турак жайларга карата мамилелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына алардын ыйгарым укуктуу органдары өкүл болот.

Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүлкүн башкаруу боюнча чыгымдарды бирдей көтөрүүгө милдеттүү. Жер төлөөлөрдү, турак жана турак эмес жайларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон кире бериштер, тепкичтер, чатырлар, лифттер жана башка мүлктөр турак жай менчик ээлеринин шериктигинин пайдалануусуна акысыз берилүүгө тийиш. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мамлекеттик орган ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн мүлктү акысыз пайдаланууга берүүдөн баш тартса, көп батирлүү үйдү башкаруу бул мүлктүн менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-4)
